|
Кыргызстандарт жөнүндө Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту "Кыргызстандарт" стандартташтыруу жана ченөнүн бирдейлигин камсыздоо боюнча улуттук органдын статусу бар мамлекеттик мекеме болуп эсептелет. СМУИ техникалык регламенттердин жана стандарттардын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү боюнча иш-милдеттерден келип чыккан укуктарды жана милдеттерди кошпогондо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциянын укугун улантуучу болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту жөнүндө ЖОБО 2005-жылдын 30-ноябрынын N 546 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ менен бекитилген. СМУИнин негизги максаттары: - эларалык эрежелерге жана сунуштоолорго ылайык стандартташтыруунун улуттук системасын түзүү жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасында ченөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу үчүн метрология жаатында иш жүргүзүү;
- улуттук эталондук базаны колдоо.
Жетекчилери Деректири - Атаханов Патидин Зухридинович Деректирдин орунбасарлары Атабеков Азимжан Акимжанович Асылбеков Сатан Асылбекович
|