Талас сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору.

Таластагы Сыноо, сертификаттоо  жана  метрология  борбору.

     Таластагы Сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министирлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун аймактык бөлүмү болуп саналат. Ал продукциянын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) шайкештигин   ыктыярдуу баалоо боюнча иштерди жана шайкештикти баалоо, шайкештик жөнүндө декларацияны  каттоо,  метрологиялык иштерди жана кызматтарды көрсөтүү, метрология жана аккредитациялоого катышуу менен байланышкан башка иштерди уюштурат жана жүргүзөт, жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү милдеттерди ишке ашыруунун алкактары жана шайкештикти ырастоо боюнча иштин карама- каршылыгынына кирбеген башка иштер.

     Таластагы Сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун 10.02.2012 ж  № 85  токтомунун негизинде Бирдиктуу  Реестрге ылайык  төмөнкудөй акы төлөө кызматын көрсөтөт:

Механикалык чен бирдигин өлчөө,

Геометриялык чен бирдигин  өлчөө,

Электрдик чен бирдигин өлчөө,

Көлөм боюнча чен бирдигин өлчөө,

Басым боюнча чен бирдигин өлчөө,

Температура боюнча ченөө, өлчөө иштери.

Бекитилген тартипте метрологялык бөлум техникалык диагностикалык жабдыктарды аттестациядан өткөрөт.

Продукциянын жана кызмат көрсөтуүлөрдүн шайкештигин ыктыярдуу турдө баалоо  жана декларацияны каттоо  боюнча иш алып барат.

Ченөө каражаттарын текшерүү боюнча метрологиялык бөлүмдүн ишинин бекитилген багыттары

 

Байланыштар:

722720, Талас ш. Москвиченко к. 230а talcism@mai.ru тел: (3422)5-27-44 Факс: (3422) 5-22-17

Иш-чаралар

Стандартташтыруу

Улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программасы жана стандартташтыруу боюнча документтерди кабыл алуу жана бекитүү жол-жоболору

Метрология

Улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программасы жана стандартташтыруу боюнча документтерди кабыл алуу жана бекитүү жол-жоболору

Продукцияны сыноо

продукциянын сапат жана коопсуздук талаптарына шайкештигин тастыктоо тартиби

Кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскуранты ... (бөлүмчөлөр)

Баалар тизмесин жүктөп алыңыз