Главная / Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасы техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташуу улантууда

Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасы техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташуу улантууда

Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасы техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташуу улантууда


02 ноября, 2023

2023-жылдын 27 – октябрында Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу абалына жана өнүгүшүнө Россия Федерациясынын Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча Федералдык агенттигинин (Росстандарт) жетекчиси А. Шалаев жана Кыргызстандарттын директору Б. Нурматов жетектеген Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын делегацияларынын жолугушуусу болуп өттү, иш-чарага Росстандарттын жетекчисинин орун басары А. Кузьмин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын начальниги А. Базиев дагы катышкандыгын Кыргызстандарт билдирет.

2022-жылы Росстандарт менен Кыргызстандарттын ортосунда стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо жаатында кызматташуу маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду ишке ашыруу боюнча Программага кол коюлган. Анын алкагында Кыргызстандартка өткөн жылы стандартташтыруу боюнча документтерди түздөн-түз колдонуу мүмкүнчүлүгү менен Россия Федерациясынын стандарттарынын федералдык маалымат фонду берилген.

Росстандарт менен Кыргызстандарттын кызматташуусунун алкагында, өлчөөлөрдүн бирдейлигин маалыматтык камсыздоо боюнча ишмердүүлүктү санариптештирүү жаатында жигердүү өнүгүп жаткандыгы жолугууда талкууланды. Мындан тышкары "АРШИН" федералдык мамлекеттик маалымат системасында иштөө боюнча окутуп жана анын тесттик контуруна да мүмкүнчүлүк Росстандарт тарабынан берилгендигин Кыргызстандарт маалымдайт.

Жолугушуунун күн тартибиндеги маанилүү маселе катары транспорт каражаттарынын тибин бекитүү жаатындагы Россия Федерациясынын тажрыйбасын талкуулоо болду. Тараптар транспорт каражаттарынын тибин же транспорт каражаттарынын шассисин жактырууну бекитүү жана каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруу органынын функцияларын, жүгүртүүгө чыгарылган транспорт каражаттарынын (шассинин) типтерине карата белгиленген талаптарды, ошондой эле транспорт каражаттарынын (шассинин) типтеринин жана транспорт каражаттарынын компоненттеринин Бажы бирлигинин ТР 018/2011 "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентинин талаптарына шайкештигин баалоо максатында арыз ээси тарабынан берилүүчү документтердин тизмесин талкуулангандыгын Кыргызстандарт маалымдайт.