Главная / Ислам өлкөлөрүнүн стандарттар жана метрология институтунун (SMIIC) Башкы Ассамблеясынын 18- отурумуна катышуу тууралуу.

Ислам өлкөлөрүнүн стандарттар жана метрология институтунун (SMIIC) Башкы Ассамблеясынын 18- отурумуна катышуу тууралуу.

Ислам өлкөлөрүнүн стандарттар жана метрология институтунун (SMIIC) Башкы Ассамблеясынын 18- отурумуна катышуу тууралуу.


02 ноября, 2023

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун (Кыргызстандарт) директору  Б. А. Нурматов жана "Адал индустриясын өнүктүрүү боюнча" мамлекеттик мекемесинин директору А.Д. Кайырбеков 1-ноябрда Сауд Аравия Королдугунун Мекке Аль-Муккарама шаарында өткөрүлгөн Ислам өлкөлөрүнүн стандарттар жана метрология институтунун (SMIIC) Башкы Ассамблеясынын 18- отурумуна катышышты.

            Пландаштырылган иш – чарада -  Башкы катчынын отчеттук мезгил үчүн отчету, Кеңештердин багыттары боюнча ишинин жыйынтыгы, төрагалар  комитетинин  Стандартташтыруу, Метрология жана  Аккредитациялык кеңештеринин ишинин жыйынтыгы,Тышкы финансылык аудиттин жыйынтыгы боюнча SMIICтин Башкы катчылыгынын  (2022-жылдын 31-декабрына чейин) отчетун берүү, 2024-жылга SMIICтин бюджетин бекитүү жана 2024-жылга SMIIC бюджетине катышуучу өлкөлөрдүн жылдык милдеттүү төлөмдөрүн сунуштоо жана бекитүү иш –чаралары каралды.

            Ошондой эле  SMIICтин Башкы Ассамблеясынын 18-отурумунун алкагында Сауд Аравиянын Стандарттар, метрология жана сапат уюмунун (SASO) жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун (Кыргызстандарт) ортосунда  кол коюлган техникалык кызматташтык Меморандумун  ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына   Кыргызстандарттын директору Нурматов Болотбек Асанович жана SASOнун губернатору Саад О. Ал-Касаби  кол коюшту.

            SMIICтин  жыйынына катышуу Кыргыз Республикасында адал азыктар анын ичинде: тамак-аш азыктары, косметика, коомдук тамактануу кызматтары, мейманкана кызматтары, туризм кызматтары, ошондой эле адал азыктарды сертификаттоо боюнча органдарга талаптар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттарды алууга жана колдонууга мүмкүндүк берет.