Главная / Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча Федералдык агенттиктин (Росстандарт) жана Кыргызстандарттын делегаттары менен эки тараптуу жолугушуусу

Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча Федералдык агенттиктин (Росстандарт) жана Кыргызстандарттын делегаттары менен эки тараптуу жолугушуусу

Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча Федералдык агенттиктин (Росстандарт) жана Кыргызстандарттын делегаттары менен эки тараптуу жолугушуусу


20 ноября, 2023

2023-жылдын 16 жана 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунда (Кыргызстандарт) Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча Федералдык агенттиктин (Росстандарт) жана Кыргызстандарттын техникалык адистери менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү.

Аталган жолугушуунун алкагында Кыргызстандарттын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн механикалык, электрдик, жылуулук, физикалык жана химиялык өлчөө чөйрөсүндөгү метрологиялык жана сыноо лабораторияларын модернизациялоо боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Учурда Кыргызстандарт менен Росстандарттын адистери техникалык мүнөздөмөлөрү менен керектүү эталондордун тизмесин, ошондой эле Кыргызстандарттын метрологиялык лабораторияларына эталондук жана жогорку тактыктагы өлчөө жабдууларын жеткирүү үчүн каржылоо булактары толукталып иштелүүдө.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын октябрынын аягында Кыргызстандарт менен Росстандарттын жетекчилигинин эки тараптуу жолугушууда жетишилген макулдашууларга ылайык, Росстандарттын адистери «Аршин» Федералдык мамлекеттик маалымат системасы менен иштөө боюнча онлайн тренинг өткөрүлгөн.