Главная / Борбордук Азия өлкөлөрүндө айнек суюк термометрлерин калибрлөө боюнча лабораториялар аралык салыштыруу

Борбордук Азия өлкөлөрүндө айнек суюк термометрлерин калибрлөө боюнча лабораториялар аралык салыштыруу

Борбордук Азия өлкөлөрүндө айнек суюк термометрлерин калибрлөө боюнча лабораториялар аралык салыштыруу


05 декабря, 2023

Германиянын Физика – техникалык институтунун (РТВ) "Борбордук Азия өлкөлөрүндө сапат инфраструктурасын бекемдөө" аймактык долбоорунун алкагында 2023-жылдын апрелинде Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү айнек суюктук термометрлерин калибрлөө боюнча аймактык лабораториялык салыштыруу башталган. Салыштыруунун катышуучулары болуп Борбордук Азия өлкөлөрүнүн - Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын улуттук метрологиялык институттарынын өкүлдөрү эсептелет.

Бул салыштыруулардын координатору болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча  борборунун (Кыргызстандарт) температура жана нымдуулуктун эталондук лабораториясы саналат.

Лабораториянын адистери салыштыруу объектисин карап чыгып, Казакстандын метрология институтуна биринчи катышуучуга тапшырышты. Андан ары бүткүл циклден өтүп, салыштыруунун объектиси салыштыруунун акыркы катышуучусуна – Түркмөнстандын Мамлекеттик эталондук борборуна жетип, ал жерде тиешелүү өлчөөлөр жүргүзүлгөн. Андан соң Түркмөнстандын Мамлекеттик эталондук борбору Кыргызстандарттын координаторун окуу өткөрүү, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана өлчөө жыйынтыктарын эсептөө үчүн чакырган.

Түркмөнстандын мамлекеттик эталондук борборунун температурал лабораториясында жүргүзүлгөн айнек суюктук термометрлерин калибрлөө боюнча тренингдин программасында өлчөө учурунда калибрлөө объекттерине тиешелүү негиз салуучу аспекттер камтылган: айнек суюктук термометрлеринин жардамы менен температураны өлчөөнүн физикалык принциби, айнек суюктук термометрлерин калибрлөөнүн өзгөчөлүктөрү, термостаттарды изилдөө, айнек суюктук термометрлерин калибрлөөнү жүргүзүүдө өлчөөлөрдүн белгисиздигин эсептөө. Түркмөнстандын мамлекеттик эталондук борбору айнек суюктук термометрлерин эл аралык ыкмаларга ылайык калибрлөөнү киргизүүнү пландап жаткандыктан, бул маселелер ал үчүн өтө маанилүү болгон.

Түркмөнстан менен Кыргызстандын метрологиялык институттары биринчи жолу ушундай биргелешкен ишмердүүлүктү ишке ашырып жатышат. Келечекте бул өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан өлчөөлөрдүн сапатын жакшыртууга салым кошуп, алардын тууралыгын жана бирдейлигин камсыз кылуу менен гана бекемделет деген ишеним артууда.

Мындан тышкары, лабораториялар аралык салыштыруу метрологиялык камсыздоонун маанилүү пункттарынын бири болуп саналат, анткени алар бир өлкөдө жүргүзүлгөн өлчөөлөр башка өлкөлөрдө жүргүзүлгөн өлчөөлөр менен шайкеш келээрин далилдейт.