Главная / Экспортерлорду колдоо: экспорт Кербени 2023 Кыргызстандарттын катышуусу менен

Экспортерлорду колдоо: экспорт Кербени 2023 Кыргызстандарттын катышуусу менен

Экспортерлорду колдоо: экспорт Кербени 2023 Кыргызстандарттын катышуусу менен


14 декабря, 2023

2023-жылдын 11-декабрынан 22-декабрына чейин өлкөнүн экспортерлоруна ата мекендик товарларды тышкы рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүү максатында өлкөнүн бардык аймактарында “Экспорт кербени” маалымат компаниясы өтүп, ага Кыргызстандарт да катышууда.

Бул иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугуна продукцияны өндүрүү жана экспорттоо маселеси менен байланышкан инновациялар жана тенденциялар жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле эл аралык жана региондук иш-чараларга катышууга көмөк көрсөтүүнүн алдында ишкерлердин тышкы рынокко чыгуу муктаждыктарын аныктоо, жана региондук иш-чаралар (көргөзмөлөр, жарманкелер, соода миссиялары), продукцияны экспорттоо боюнча келишимдерди түзүү.