Главная / МАКтын 64-жыйыны

МАКтын 64-жыйыны

МАКтын 64-жыйыны


15 декабря, 2023

2023-жылдын 14-декабрынан 15-декабрына чейинки мезгилде Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 64-отуруму өтүүдө. Бул иш-чарада стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо жана аккредитация тармагындагы маселелер, ошондой эле жалпы жана уюштуруу маселелери каралды. Отурумдун күн тартибиндеги эң маанилүү маселелер мамлекеттер аралык стандартташтыруу программасы, МАКга мүчө мамлекеттер тарабынан мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана аларды кабыл алуу маселелери болду.

ЕЭК чечимдерин ишке ашыруу максатында «Кыргызстандарт» ТК 02 «Тамак-аш азыктары, айыл чарба продукциялары жана кайра иштетүү продуктулары» стандартташтыруу боюнча техникалык комитети менен бирдикте ата мекендик продукцияга мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүздү.

Биринчи жолу МАКтын 64-отурумунун Протоколунда 11 мамлекеттер аралык стандарт кабыл алынган, аларды иштеп чыгуучу Кыргыз Республикасы болуп саналат:

ГОСТ 35037-2023 «Жаңы курма. Техникалык шарттар», ГОСТ 35040-2023 «Дан чийки затынан чипсылар. Жалпы техникалык шарттар», ГОСТ 35038-2023 «Талкан дан продуктусу. Техникалык шарттар», ГОСТ 35041-2023 «Дандан жасалган продукт. Сүмөлөк. Техникалык шарттар», ГОСТ 35046-2023 «Жаңы жапайы жемиштер. Техникалык шарттар», ГОСТ 35047-2023 «Консерваланган дарбыздар. Техникалык шарттар», ГОСТ 35030-2023 «Унду кайра иштетүү үчүн комплекстүү тамак-аш кошумчалары. Техникалык шарттар», ГОСТ 35031-2023 «Камырды жумшартуучу комплекстүү тамак-аш кошумчасы. Техникалык шарттар», ГОСТ 35023-2023 «Кымыз продукциясы. Техникалык шарттар», ГОСТ 35027-2023 «Сүзмө. Техникалык шарттар», ГОСТ 35034-2023 «Ацидофильдүү буюмдар. Техникалык шарттар".

Бул стандарттар өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюуга жардам берет жана “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө”, “Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө”, “Тамак-аш кошулмаларынын, ароматизаторлордун жана технологиялык каражаттардын коопсуздугуна талаптар” техникалык регламенттеринин талаптарына жооп берет.

Кыргызстандарттан МАКтын 64-жыйынына Кыргызстандарттын директорунун орун басары жана Бишкек тестирлөө, сертификаттоо жана метрология борборунун директорунун орун басары катышты.