Главная / Аккредитацияга арыз берүүгө даярдык

Аккредитацияга арыз берүүгө даярдык

Аккредитацияга арыз берүүгө даярдык


24 января, 2024

2024-жылдын 23-27-январына чейин Каракол шаарында Германиянын Физика-техникалык институтунун (РТВ) долбоорунун колдоосу менен «Кыргызстанда сапат инфраструктурасынын кызматтарын пайдаланууга көмөктөшүү» Кыргызстандарттын аймактык бөлүмдөрү үчүн "аккредитацияга арыз берүүгө даярдык" темасында менеджмент системасын өркүндөтүү максатында семинар өткөрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу Кыргызстандардын метрологиялык лабораториялары 2025-жылдын январына чейин аккредитациядан өтүшү керек.

Семинарда ISO/IEC 17020 жана ISO/IEC 17025 интеграцияланган башкаруу системасы боюнча аккредитацияга арыз берүү маселелери көтөрүлөт. Бул тема тобокелдиктерди баалоо, ички аудитти уюштуруу жана жүргүзүү, тобокелдиктерди аныктоо, башкаруу тарабынан уюштуруу жана талдоо жүргүзүүнү камтыйт. Ошондой эле электрондук таразаларды текшерүү боюнча лабораториялык салыштыруу жүргүзүлөт.

Аталган семинар Кыргызстандын аймактык бөлүмдөрү үчүн ISO/IEC 17020 жана ISO/IEC 17025 менеджментинин интеграцияланган системасы боюнча аккредитациялоого документтерди берүү алдында семинарлар циклинин бири болуп саналат.

Эске сала кетсек, 2023 – жылдын сентябрь айында Сыноо, сертификаттоо жана метрология борбору  (ССМБ) (салмак жаатында - таразаларды калибровкалоо) жана Ош ССМБ (температура жаатында – айнек термометрлерди калибровкалоо) аккредитациялоо боюнча улуттук органына КЦА-ПА12 ООС «Калибровкалоого лабораториялардын даярдыгын баалоо критерийлери (аккредитацияга чейин)» талабынын негизинде презентация өткөрүлгөн.