Главная / СТАНДАРТ ISO 8655-2022 «КӨЛӨМДҮ ӨЛЧӨӨ ҮЧҮН ПОРШЕНДҮҮ АСПАПТАР» боюнча окутуу

СТАНДАРТ ISO 8655-2022 «КӨЛӨМДҮ ӨЛЧӨӨ ҮЧҮН ПОРШЕНДҮҮ АСПАПТАР» боюнча окутуу

СТАНДАРТ ISO 8655-2022 «КӨЛӨМДҮ ӨЛЧӨӨ ҮЧҮН ПОРШЕНДҮҮ АСПАПТАР» боюнча окутуу


14 февраля, 2024

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (Кыргызстандарт) Германиянын Физика-техникалык институту (РТВ) долбоорунун («Борбордук Азия өлкөлөрүнүн сапат инфраструктурасын чыңдоо») колдоосу менен 2024-жылдын 5нен 9-февралына чейин Тбилиси шаарында, Грузиянын Улуттук метрология институтунда (УМИ) кичи көлөмдөгү өлчөө каражаттарын эл аралык талаптарга ылайык калибровкалоо боюнча теориялык жана практикалык семинар болгондугун маалымдайт. Семинарга Кыргызстандарттын метрология башкармалыгынын, ошондой эле Армениянын, Азербайжандын, Молдованын жана Өзбекстандын УМИ адистери катышышты.

Окутуу убагында 2022-жылы жаңыртылган кичи көлөмдүү өлчөө каражаттарын калибровкалоо үчүн ISO 8655-2022 «Көлөмдү өлчөө үчүн поршендүү аспаптар» Терминология, жалпы талаптар жана колдонуучунун сунуштары (1-бөлүгү) стандартын толук түшүнүүгө мүмкүндүк берди, ошондой эле семинардын негизги багыты башка УМИ катышуучулары менен кичи көлөмдүү өлчөө каражаттарын эсептөө программасын салыштыруу жүргүзүү болгондугун Кыргызстандарт маалымдайт. Семинарды Португалия сапат институтунун көлөм жана агым лабораториясынын жетекчиси жана техника илимдеринин доктору Эльза Батиста өткөрдү.