2024-жылдын 26-февралынан 1-мартына чейин Кыргызстандарт менен Өзбекстандын Улуттук метрология институтунун Техникалык жөнгө салуу агенттигинин (УзНИМ) ортосундагы 2023-2024-жылдарга метрология жаатында илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында Кыргызстандарттын салмак жана тараза эталондук лабораториясында OIML R 111:2004 эл аралык талаптарына ылайык тараза таштарын калибрлөө боюнча тажрыйба алмашуу жана өлчөө ыкмаларын өркүндөтүү максатында, УзНИМ өкүлдөрү келишти.
Иш сапардын жүрүшүндө тараза таштарынын салмагын жана шарттуу массасын эсептөө, салмактын магниттик касиеттерин аныктоо; салмаксыз номиналдык чоңдуктарды калибрлөөнүн өзгөчөлүктөрү, салмактарды калибровкалоо үчүн компараторлорду изилдөө маселелери каралууда.