Главная / Метрология жана шайкештикти баалоо жаатында кызматташуу маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү

Метрология жана шайкештикти баалоо жаатында кызматташуу маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү

Метрология жана шайкештикти баалоо жаатында кызматташуу маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү


04 марта, 2024

Кыргыз Республикасында өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча Федералдык агенттиктин (Росстандарт) ортосундагы стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо жаатындагы меморандумун ишке ашыруу максатында Федералдык бюджеттик мекеме "Ростест-Москва", Росстандарт жана Д.И. Менделеев атындагы Бүткүл россиялык метрология илим изилдөө институту менен 2024-жылдын 27-февралынан 1-мартына чейин эки тараптуужолугушуу өткөрүлдү.

Айтылган жолугушууда төмөнкү суроолор каралды:

·        Эталондук жабдуулардын мурда берилген тизмеси боюнча Кыргызстандарттын метрологиялык лабораторияларын модернизациялоо;

·        Кыргызстандарттын сыноо базасы үчүн химиялык реактивдерди жана стандарттык үлгүлөрдү алуу боюнча маселелерди талкуулоо;

·         Кыргызстандарттын адистерине метрология, продукцияны сыноо методдору боюнча (атап айтканда энергетикалык суусундуктардагы тауриндин көрсөткүчтөрүнүн курамын аныктоо, ГМО тамак-аш продукциясынын сандык анализи жана башка багыттар боюнча) Росстандарттын жана башка РФ илимий-изилдөө институттарынын базасында сыноо методдору боюнча сыноо жаатында окутуу;

·   "АРШИН" маалыматтык системасын Кыргызстандартка берүүнүн тартибин жана негиздерин аныктоо;

· Россия Федерациясынын илимий-изилдөө институттарынын базасында Кыргызстандарттын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн эталондук жабдууларын текшерүү жана калибрлөө.

Мындан тышкары 29-февралда “Д.И. Менделеевге 190 жыл. Илимий мурастарды сактоо” эл аралык илимий конференциясына катышышты.

Конференциянын катышуучуларына – студенттерге, жаш окумуштууларга, метрологиялык коомчулуктун, бизнестин, өнөр жай жана билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө Д.И. Менделеевдин инсандык масштабын жана россиялык илимди гана эмес, метрологияны, экономиканы, билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон фундаменталдык салымын көрсөткөн материалдар тартууланды.

Тарыхчылар жана илимпоздор белгилегендей, Д.И. Менделеев орус метрологиясынын негиздөөчүсү жана көрүнүктүү саясий экономисти катары белгилүү. Анын өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу системасы жана метрологиялык реформасы тез өнүгүү мезгилинде мамлекеттик негизги милдеттерден болгон.