Главная / Ош сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунун базасында эл аралык талаптарга ылайык өлчөөчү айнек идиштерди (лабораториялык) калибровкалоо

Ош сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунун базасында эл аралык талаптарга ылайык өлчөөчү айнек идиштерди (лабораториялык) калибровкалоо

Ош сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунун базасында эл аралык талаптарга ылайык өлчөөчү айнек идиштерди (лабораториялык) калибровкалоо


06 марта, 2024

Кыргызстандарттын суюктук көлөмүнүн лабораториясынын адистери, РТВ "Борбордук Азия өлкөлөрүндө сапат инфраструктурасын чыңдоо" долбоорунун колдоосу менен Ош шаарында 2024-жылдын 26-февралынан 1 мартына чейин Ош сыноо, сертификациялоо жана метрология борборунун базасында ишмердүүлүк тармагын кеңейтүү жана аккредитацияга даярдоо максатында эл аралык талаптарга ылайык айнек идиштерди (лабораториялык) калибрлөөнү киргизүү багыты боюнча окутууларды өткөрүштү.

 Окутууда ISO/IEC 17025 башкаруу системасы боюнча аккредитациялоого өтүнмө берүү процессинин маселелери, ошондой эле өлчөө идиштерин калибровкалоо боюнча техникалык маселелер, өлчөө идиштерин калибровкалоо жол-жоболорун иштеп чыгуу, ченөөлөрдүн белгисиздигин эсептөө программасын жана өлчөө идиштерин калибровкалоо протоколдорун иштеп чыгуу жана лабораториянын толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон ченөө каражаттары жана жабдуулар менен лабораторияны андан ары иштетүү жана жабдуу боюнча сунуштары каралды.

Мындан тышкары окутуу учурунда ички аудит, ошол учурда өлчөөлөрдү далилдөө максатында өлчөөчү идиштерди калибрлөө боюнча лабораториялар аралык салыштыруу Кыргызстандарт тарабынан жүргүзүлдү.