Главная / Сапат инфраструктурасынын жана жеке сектордун институттарынын өз ара аракеттенүүсү- Caliden өндүрүштүк сектор менен мамиле

Сапат инфраструктурасынын жана жеке сектордун институттарынын өз ара аракеттенүүсү- Caliden өндүрүштүк сектор менен мамиле

Сапат инфраструктурасынын жана жеке сектордун институттарынын өз ара аракеттенүүсү- Caliden өндүрүштүк сектор менен мамиле


05 апреля, 2024

Германиянын Физика-техникалык институтунун (РТВ) «Кыргызстанда сапат инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөктөшүү» долбоорунун алкагында 2024-жылдан 3-5-апрелинде «Сапат инфраструктурасынын жана жеке сектордун институттарынын өз ара аракеттенүүсү- Caliden өндүрүштүк сектор менен мамиле» темасында кезектеги семинар өткөрүлдү.

Семинардын максаты: кургатылган жемиштердин мисалында сапаттуу тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча өндүрүүчүлөрдүн билимин жогорулатуу, продукциялардын рыноктордо чыгаруу шарттары жана соода тармактарынын (сатып алуучулардын) талаптары. Бул семинардын фокусу өндүрүштө өлчөөлөрдүн тууралыгы жана мониторинги болуп саналат. Ошондуктан, жабдууларга, өлчөө каражаттарына, жабдууларды метрологиялык тейлөөгө жана өлчөөлөрдүн метрологиялык байкоосун камсыз кылууга көп көңүл бурулат. Семинарга Кыргызстандарттын адистери катышып, алар бул маалыматты толук жана Компетенттүү беришти. Ошондой эле семинардын программасында Кыргызстандарттын эталондук метрологиялык лабораторияларына баруу каралган, алар түздөн-түз өндүрүшчүлөргө жана бизнеске өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, кызыктырган суроолоруна жооп беришти.