Главная / Кыргызстандартта илимий-ишкердик платформасынын жана улуттук сапат инфраструктурасынын 5-отуруму болуп өттү

Кыргызстандартта илимий-ишкердик платформасынын жана улуттук сапат инфраструктурасынын 5-отуруму болуп өттү

Кыргызстандартта илимий-ишкердик платформасынын жана улуттук сапат инфраструктурасынын 5-отуруму болуп өттү


09 апреля, 2024

2024-жылдын 8-апрелинде Кыргызстандартта Илимий-ишкердик платформасынын жана Улуттук Сапат Инфраструктурасынын 5-отуруму өткөрүлдү. Тегерек столдун катышуучулары-университеттердин, Кыргыз Республикасынын жашылча-жемиш ишканалар ассоциациясынын, КР экономика жана Коммерция министрлигинин өкүлдөрү, метрология, стандартташтыруу жана Кыргызстандарттын сыноо лабораторияларынын жана Улуттук аккредитациялоо органы-КАБдын өкүлдөрү.

Кезектеги отурумдун  максаты бизнестин кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу менен биргелешкен тематикаларды иштеп чыгуу жана Техникалык жөнгө салуу, метрология, стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатындагы мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен ЖОЖдордун окуу пландарын актуалдаштыруу болуп саналат.

Күн тартибинде кайрадан иштелип чыккан стандартташтыруу жөнүндө мыйзамды талкуулоо, тамак-аш азыктарын сыноонун заманбап эл аралык методдорун киргизүү. Сыноо жана метрологиялык лабораториялардын жабдуулары жана алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү. Лабораториялык клубдун төрагасы, анда сыноо лабораторияларынын мүчөлөрү салыштыруу, жаңы ыкмаларды колдонуу ж.б. маселелерин чечет. Сыноо жана метрологиялык лабораторияларды жабдуу сыноолордун жана калибровкалоонун жаңы ыкмаларын өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет жана Кыргызстандан товарларды эл аралык рынокторго чыгарууга өбөлгө түзөт.