Главная / 2023-2024-жылдарга метрология жаатында илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө меморандумдун ишке ашыруу алкагында

2023-2024-жылдарга метрология жаатында илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө меморандумдун ишке ашыруу алкагында

Кыргызстандарт менен Өзбекстандын Улуттук метрология институтунун Техникалык жөнгө салуу агенттигинин (УзНИМ) ортосундагы 2023-2024-жылдарга метрология жаатында илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө меморандумдун ишке ашыруу алкагында


18 апреля, 2024

2024-жылдын 17-апрелинде Кыргызстандарт менен Өзбекстандын Улуттук метрология институтунун Техникалык жөнгө салуу агенттигинин (УзНИМ) ортосундагы 2023-2024-жылдарга метрология жаатында илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө меморандумдун ишке ашыруу алкагында жана кызматкерлердин квалификациясын жана илимий потенциалын жогорулатуу, лабораториялык салыштырууларды уюштуруу маселелери боюнча 2024-жылга метрология жаатында Меморандум жана Жол картасы менен коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу максатында, 2024-жылдын 17-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун базасында Өзбек улуттук институтунан (УзНИМ) жооптуу адамдардын иш сапары болуп өттү.

Сапардын жүрүшүндө Өзбек улуттук институтунун өкүлдөрүнө Кыргызстандын эталондук базасын түзгөн Кыргызстандарттын эталондук калибровкалоочу лабораторияларынын: температура жана нымдуулук, басым, масса жана тараза, көлөм жана суюктук, электр энергиясынын жана убакыт лабораторияларынын өлчөө мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Ошондой эле сыноо жана текшерүү (поверка) боюнча Бишкек сыноо сертификациялоо жана метрология борборунун (БЦИСМ): тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын, эл керектөөчү товарларды, нефтепродуктуларды сыноо лабораторияларынын, физикалык-химиялык өлчөө лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Илимий-техникалык кызматташуу, тажрыйбалар менен алмашуу, Кыргызстандарт менен УзНИМдин ортосундагы метрология жаатында биргелешкен лабораториялык салыштырууларды жүргүзүү маселелери көтөрүлдү жана аткаруу үчүн жумуштар белгиленди.