Главная / Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык улуттук биологиялык коопсуздук механизмин ишке ашыруу
Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык улуттук биологиялык коопсуздук механизмин ишке ашыруу
«Биологиялык коопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын биологиялык коопсуздук боюнча улуттук механизмин ишке ашыруу»
Аэропорттордогу жана өткөрүү пункттарындагы ГМО/ЖИО экологиялык мониторинг жана контролдоо
ФАО/ГЭФ «Биологиялык коопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын биологиялык коопсуздук боюнча улуттук механизмин ишке ашыруу» долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте жана ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен, эл аралык аэропорттордо жана бажы өткөрмө пункттарында генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерге (ГМО/ЖИО) экологиялык мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө маселелерине арналган семинар өткөрүштү.
Семинар 2025-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында өтүп, ФАОнун 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү болду. Иш-чарага Кыргызстандарттын эксперттери, эл аралык консультант Галина Валерьевна Мозгова, бажы жана карантин кызматтарынын өкүлдөрү, өткөрмө пункттардын инспекторлору, ошондой эле лаборатория кызматкерлери жана тийиштүү экологиялык мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Семинардын максаты — Кыргыз Республикасында биокоопсуздук жаатында эффективдүү укуктук-ченемдик база түзүүгө көмөктөшүү, техникалык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү жана Картахена протоколунун улуттук деңгээлде аткарылышын камсыздоо.
Семинардын негизги темалары төмөнкүлөр болду:
• ФАОнун «Биологиялык коопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын биологиялык коопсуздук боюнча улуттук механизмин ишке ашыруу» долбоорунун максаттары жана милдеттери;
• Картахена протоколунун алкагында ГМО/ЖИОго коюлган маркировкалоо талаптары;
• ГМО/ЖИОну айлана-чөйрөгө чыгарууга уруксат алуу боюнча өтүнмөлөрдү даярдоо боюнча колдонмо, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо жана мониторинг жүргүзүү;
• ГМО/ЖИО боюнча чек ара көзөмөлү: эл аралык тажрыйба жана Беларус Республикасынын мисалы;
Экологиялык көзөмөл: Картахена протоколуна ылайык эске алынуучу аспектилер;
• Лабораториялык мониторинг жана ГМО/ЖИОну аныктоо.
Иш-чаранын уюштуруучулары — Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору.
Семинар Кыргыз Республикасында биокоопсуздукту камсыздоо боюнча жалпы стратегияны түзүүдө, ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдөөдө жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болду.