Главная / Кыргызстандарт менен КТС стандарттарды жана сапатты өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту
Кыргызстандарт менен КТС стандарттарды жана сапатты өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту
Бүгүн Кыргызстандарт базасында Кореянын Сертификация жана сыноо институту (KTC) менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Документ метрология, сыноо жана стандарттар менен сапат жаатындагы заманбап технологияларды киргизүү боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
Меморандумдун алкагында тараптар метрология тармагындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү жана сыноо менен сертификациянын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча биргелешип иш алып барууга макулдашышты. Анын ичинде төмөнкүлөр каралган:
- заманбап сыноо лабораториясын түзүү;
- сыноолорду жүргүзүүгө арналган заманбап жабдууларды орнотуу;
- Кыргызстандарт адистерин эл аралык процедуралар боюнча окутуу;
- техникалык консультацияларды берүү жана эксперттик тажрыйба алмашуу;
- лабораториялык багыттарды өнүктүрүү, анын ичинде электромобилдер үчүн заряддоочу түзүлүштөрдү сыноо.
Меморандумга кол коюу эл аралык стандарттарды киргизүү, улуттук продукциянын сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасы ортосундагы кызматташууну бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн жакынкы күндөрү Кыргызстандарттын адистери тарабынан Жол картасы иштелип чыгат.