Главная / Стандартташтыруу системасын өнүктүрүү: № 37 "Электротехникалык продукция" техникалык комитетин түзүү

Стандартташтыруу системасын өнүктүрүү: № 37 "Электротехникалык продукция" техникалык комитетин түзүү

Стандартташтыруу системасын өнүктүрүү: № 37 "Электротехникалык продукция" техникалык комитетин түзүү


29 декабря, 2025

2025-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын «Стандартташтыруу жөнүндө» 2025-жылдын 11-январындагы № 5 Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында, улуттук стандартташтыруу тутумун өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө, анын натыйжалуулугун жогорулатууга жана эл аралык жана регионалдык талаптар менен шайкеш келтирүүгө багытталган Техникалык стандартташтыруу боюнча № 37 «Электротехникалык продукция» техникалык комитети түзүлдү. Ал Республикалык коомдук бирикме «ЭКОХОЛОД» уюмунун базасында түзүлгөн.

Техникалык комитет электротехникалык продукцияны стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо үчүн кызыкдар болгон ишканалардын, уюмдардын жана мамлекеттик органдардын катышуусу менен иш алып баруучу жумушчу аянтча катары түзүлгөн.

Өз ишмердүүлүгүндө ТК 37 Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, стандартташтыруу боюнча документтерди жана Улуттук стандартташтыруу органынын сунуштарын, ошондой эле Кыргызстандарт мүчө болуп саналган эл аралык жана регионалдык стандартташтыруу уюмдарынын документтерин жана сунуштарын жетекчиликке алат.

 

ТК 37нин ишмердүүлүгү электротехникалык продукциянын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга, улуттук стандарттарды эл аралык жана регионалдык талаптар менен шайкеш келтирүүгө, Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча эл аралык процесстерге катышуусун кеңейтүүгө жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.