Главная / Эл аралык электротехникалык комиссиянын стандарттарынын колдонуучуларынын көңүлүнө
Эл аралык электротехникалык комиссиянын стандарттарынын колдонуучуларынын көңүлүнө
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (мындан ары – Кыргызстандарт) маалымдайт.
2025-жылдын 17-ноябрында Кыргызстандарт Эл аралык электротехникалык комиссиядагы (мындан ары - ЭЭК) аффилирленген мүчөлүгүн кайра жандандырды. ЭЭКтин эрежелерине ылайык, ЭЭКтин аффилирленген мүчөлөрү болгон мамлекеттер ЭЭКтин стандарттарын Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары катары кабыл алууга жана аларды жайылтууга укугу жок. Мындай стандарттар маалыматтык максаттарда гана, анын ичинде алардын негизинде улуттук ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерди иштеп чыгуу үчүн колдонулушу мүмкүн.
"Стандартташтыруу жөнүндө” Мыйзамдын 21-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Эл аралык, регионалдык стандарттар жана чет мамлекеттердин стандарттарын даярдоочулар (аткаруучулар), жеткирүүчүлөр тарабынан эл аралык, регионалдык уюмдардын жана чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген тийешелүү эрежелерин сактоо менен кайра таризделбестен, Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органына тиешелүү кабар жөнөтүү менен түз колдонуу аркылуу колдонулушу мүмкүн.
ЭЭКтин стандартташтыруу боюнча документтерди кызыкдар тараптар https://webstore.iec.ch/ расмий сайтынан, ал эми Росстандарт сайтынан https://www.rst.gov.ru/portal/gost сатып ала алышат.
Кыргызстандарт Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук, мамлекеттер аралык жана эл аралык стандарттарды жайылтуу боюнча жалгыз ыйгарым укуктуу орган болгондуктан, кызыкдар тараптар ЭЭКтин стандарттарын сатып алганы жөнүндө Кыргызстандартка билдиргенден кийин, Кыргызстандарт Кыргыз Республикасынын аймагында расмий түрдө колдонуу жөнүндө расмий кат жазат.