Главная / Кыргызстандарттын эксперттери ЭМУнун "Эмгек миграциясы программасы – Борбордук Азия" долбоорунун алкагында окутуу семинарын өткөрүштү

Кыргызстандарттын эксперттери ЭМУнун "Эмгек миграциясы программасы – Борбордук Азия" долбоорунун алкагында окутуу семинарын өткөрүштү

Кыргызстандарттын эксперттери ЭМУнун "Эмгек миграциясы программасы – Борбордук Азия" долбоорунун алкагында окутуу семинарын өткөрүштү


15 февраля, 2026

2026-жылдын 13-февралынан 15-февралына чейин Кыргызстандарттын эксперттери Абиева Г.Дж., Самарбекова А.С. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөлөрдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун (ЧӨЖИОБ ЭСКжММ) кызматкерлери үчүн окутуу семинарын өткөрүштү. Окутуу уюмдар аралык келишимдин биринчи этабынын жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) "Эмгек миграциясы – Борбордук Азия" долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Семинардын негизги максаты ЧӨЖИОБ ЭСКжММнин институционалдык потенциалын жогорулатуу, сапатты башкаруунун заманбап куралдарын киргизүү жана уюмдун ички процесстерин эл аралык стандарттарга ылайык өркүндөтүү болду.

Окутуунун жүрүшүндө төмөнкү негизги темалар каралды:

• ISO 9001 эл аралык стандартына ылайык сапатты башкаруу системасын киргизүү;

• Уюмдун ишмердүүлүгүн талдоо жана процесстердин натыйжалуулугун баалоо;

• Тобокелдиктерди башкаруунун негиздери жана практикалык куралдары;

• ISO 19011 талаптарына ылайык ички аудиттерди жүргүзүү.

Практикалык бөлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду: семинардын катышуучулары реалдуу кейстер менен иштешти, сапатты башкаруу системасынын документтеринин элементтерин иштеп чыгышты, ички аудит процесстерин моделдешти жана Борбордун ишмердүүлүгүнө карата тобокелдиктерди талдашты.

 

Окутуунун жыйынтыгы боюнча ЧӨЖИОБ ЭСКжММнин кызматкерлери сунушталган методикаларды жана куралдарды ийгиликтүү өздөштүрүштү, процесстик мамиленин жана тобокелдикке багытталган ой жүгүртүүнүн принциптерин түшүнүүсүн көрсөтүштү, ошондой эле уюмда сапатты башкаруу системасын киргизүү жана андан ары өркүндөтүү үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөргө ээ болушту.