Главная / Кыргызстандарт адал-индустриянын улуттук системасына OIC/SMIIC боюнча эл аралык стандарттарды киргизет
Кыргызстандарт адал-индустриянын улуттук системасына OIC/SMIIC боюнча эл аралык стандарттарды киргизет
2026-жылдын 2–4-апрель күндөрү Түркия Республикасынын Анкара шаарында Түркиянын кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) колдоосу менен OIC/SMIIC 3 «Халал талаптарына шайкештикти баалоо органдарын аккредитациялоочу органдарга коюлуучу талаптар» жана OIC/SMIIC 34 «Халал персоналды сертификациялоону жүргүзгөн органдарга коюлуучу жалпы талаптар» эл аралык стандарттары боюнча окуу тренинги өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (Кыргызстандарт), «Халал индустриясы» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, ошондой эле халал-туризм багытындагы бизнестен бир өкүл кирди.
Окуу тренингине ошондой эле Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Азербайжан Республикасы жана Тажикстан Республикасынын өкүлдөрү катышып, халал-аккредитация тармагында тажрыйба алмашууга жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.
Окуунун алкагында катышуучулар халал-аккредитация, персоналды сертификациялоо жана халал-инфраструктуранын иштөөсү боюнча заманбап талаптар менен таанышты. Айрыкча Түркиянын халал-аккредитациялоо органынын практикалык тажрыйбасына, анын ичинде шайкештикти баалоо, сапатты көзөмөлдөө жана сертификациянын эл аралык таанылышы маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, 6–7-апрель күндөрү делегация халал-аккредитация боюнча Биринчи эл аралык конгресске катышып, анда дүйнөлүк халал-экосистеманы өнүктүрүү, стандарттарды шайкеш келтирүү жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Алынган билимдер жана практикалык көндүмдөр Кыргыз Республикасында халал-сертификациялоо процесстеринин сапатын жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга, OIC/SMIIC эл аралык стандарттарын улуттук аккредитация системасына киргизүүгө, эл аралык өнөктөштөрдүн жана инвесторлордун ишенимин арттырууга, ошондой эле халал продукцияларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун өнүктүрүүгө жана анын ичинде халал-туризм секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.
Бул окууга жана эл аралык конгресске катышуу Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк халал-аккредитация системасына интеграцияланышына жана халал-индустриясынын эл аралык рыногундагы позициясын бекемдөөгө маанилүү кадам болуп саналат.