Главная / «Мамлекеттик классификаторлор жана маалымдамалар» автоматташтырылган маалыматтык системасы менен иштөө боюнча онлайн-семинарды өткөрүү жөнүндө
«Мамлекеттик классификаторлор жана маалымдамалар» автоматташтырылган маалыматтык системасы менен иштөө боюнча онлайн-семинарды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-2028-жылдарга санариптик трансформациясынын концепциясын ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы No 444-р буйругунун 79-пунктун аткаруу үчүн Кыргызстандарт менен "Мамлекеттик классификаторлор жана маалымдамалар" автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыккан .
Система Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы No 750 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарын классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасын өркүндөтүү максатында түзүлгөн .
Долбоордун алкагында "Мамлекеттик классификаторлор боюнча документтердин автоматташтырылган маалыматтар базасы" автоматтык маалыматтык системасынын сайты түзүлдү. Система Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сервери жана "e-Kyzmat" системасы менен интеграцияланган, тесттик режимде иштейт.
Кыргызстандандарт 2026-жылдын 14-майында министрликтердин, ведомстволордун жана кызыкдар тараптардын өкүлдөрү үчүн онлайн окутуу семинарын өткөрдү. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга система менен иштөө тартиби, ошондой эле мамлекеттик классификаторлорду жана маалымдамаларды жүргүзүү, актуалдаштыруу жана колдонуу жөнүндө маалымат берилди.
Системага шилтеме: https://classifiers.nism.gov.kg/