Главная / Кыргызстандарттын өкүлдөрүнүн Астанада өткөн «Антиконтрафакт-2026» форумуна катышуусу
Кыргызстандарттын өкүлдөрүнүн Астанада өткөн «Антиконтрафакт-2026» форумуна катышуусу
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директорунун орун басары Карымшаков Абдыманап Сапашович 2026-жылдын 28-майында Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн "Антиконтрафакт-2026" XIV Эл аралык форумуна катышып, анда жасалма продукцияга каршы күрөшүү маселелерине арналган форумда, стандарттар жана техникалык регламенттердин талаптарын аткаруу, тамак-аш ж.б. азыктардын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле рынокто жасалма жана жалган продукциянын жүгүртүлүшүн алдын алуу, эң маанилүү куралы болуп саналаарына токтолду. Мындай жасалма продукциялар өндүрүүчүлөргө гана зыян келтирбестен, жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына түздөн-түз коркунуч жаратарын белгиледи.
Ошондой эле, форумга Кыргызстандарттын Бишкектеги сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунун Тамак-аш жана айыл чарба азыктарынын шайкештигин тастыктоо бөлүмүнүн жетекчиси Диканбаева Чынара да катышты.