Главная / КМШ өлкөлөрүнүн жаш метрологдору Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык сынакта инновациялык иштеп чыгууларын сунушташты
КМШ өлкөлөрүнүн жаш метрологдору Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык сынакта инновациялык иштеп чыгууларын сунушташты
2026-жылдын июнь айынын үчүнчү жумасында Санкт-Петербург шаарында Д.И. Менделеев атындагы Бүткүл россиялык метрология илимий-изилдөө институтунун (ВНИИМ) түзүлгөндүгүнүн 184 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү.
Мааракелик иш-чаралардын алкагында төмөнкүлөр уюштурулду:
• «КМШнын мыкты жаш метрологу – 2026» I Эл аралык сынагы;
• «Келечек биздин колубузда» аттуу жаш окумуштуулар жана адистердин IV Эл аралык илимий-практикалык конференциясы.
Иш-чараларга КМШнын беш өлкөсүнөн – Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия жана Өзбекстандан келген 40 жаш адис катышты.
Сынактык иштерге баа берүүнү Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Россия жана Өзбекстандын өкүлдөрүнөн турган Эл аралык илимий комитет жүргүздү. Комитеттин мүчөлөрү катышуучулардын илимий салымын калыс баалап, төрт номинация боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Катышуучулар тарабынан сунушталган баяндамалар заманбап метрологиянын төмөнкүдөй актуалдуу багыттарына арналды:
• мамлекеттик эталондорду өркүндөтүү;
• өлчөө ыкмаларын өркүндөтүү жана тактоо;
• өндүрүшкө инновациялык технологияларды киргизүү;
• метрология тармагын санариптештирүү;
• өлчөө иштеринде жасалма интеллект технологияларын колдонуу;
• электр кубаттоо станцияларын текшерүүнүн өзгөчөлүктөрү;
• өлчөөлөрдүн жыйынтыктарын автоматтык түрдө каттоо жана иштеп чыгуу боюнча программалык чечимдерди иштеп чыгуу.
Сынак жана конференция жаш адистердин тажрыйба, илимий идеялар жана практикалык иштеп чыгуулар менен алмашуусу үчүн натыйжалуу эл аралык аянтча болуп, КМШ өлкөлөрүнүн метрологиялык уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жогорку квалификациялуу жаңы муундагы метрологдорду калыптандырууга өбөлгө түздү.