Главная / Нарын шаарында Кыргызстандарттын аймактык борборлорунун метролог адистеринин кеңешмеси болуп өттү
Нарын шаарында Кыргызстандарттын аймактык борборлорунун метролог адистеринин кеңешмеси болуп өттү
2026-жылдын 23–26-июнь күндөрү Нарын шаарында Кыргызстандарттын жана анын аймактык борборлорунун башкаруу системасын өркүндөтүү маселелерине арналган Кыргызстандарттын аймактык борборлорунун метролог адистеринин семинары болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында:
• Кыргызстандарттын эталондук лабораторияларынын 2025–2026-жылдардагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары сунушталды;
• ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 «Сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенттүүлүгүнө карата жалпы талаптар» стандартынын талаптарын колдонуу маселелери каралды;
• Кыргызстандарттын менеджмент системасында ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 жана ГОСТ ISO/IEC 17020:2012 стандарттарынын талаптары талкууланды;
• Кыргызстандарттын менеджмент системасынын документтерин актуалдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштар каралды.
Семинардын алкагында метролог адистер Кыргызстандарттын Нарын сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунун метрологиялык лабораторияларынын ишмердүүлүгү менен да таанышышты. Семинардын жыйынтыгында катышуучулар практикалык тажрыйба алмашып, башкаруу системасынын иштешине байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашты жана ишмердүүлүктү мындан ары өркүндөтүү боюнча Жол картасын иштеп чыгышты. Мындан тышкары, иштелип чыккан Жол картасы Кыргызстандарттын аймактык борборлорунун адистеринин жана Борбордук аппараттын өкүлдөрүнүн катышуусунда гибриддик форматта каралып, макулдашылды.