Главная / ФАО/ДССУнун Европа боюнча координациялык комитетинин 34-сессиясы
ФАО/ДССУнун Европа боюнча координациялык комитетинин 34-сессиясы
2026-жылдын 21–25-сентябрында Германиянын Берлин шаарында Кыргызстандарттын адистери, директордун орун басары Карымшаков А. жана Стандартташтыруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Абдыкалыкова А. башында болуп, ФАО/ДССУнун Европа боюнча Координациялык комитетинин (CCEURO34) 34-сессиясына катышты.
Германиянын Федералдык айыл чарба, азык-түлүк министри Алоис Райнер делегаттарды куттуктады. Кодекс Алиментариус комиссиясынын төрагасынын орун басары Бетюль Вазгечер Комиссиянын ишине активдүү катышуу «Кодекстин кеңири стратегиялык планынын алкагында жүргүзүлүп жатканын, ал иш жүзүндө жүзөгө ашырылганда гана мааниге ээ болорун» белгиледи. Ошондой эле ал делегаттарды Кодекс Алиментариус комиссиясынын 50-жыйынына улуттук кийимдерди кийип келүүгө чакырып, бул «бизге ар түрдүү тилдерибизге, салттарыбызга жана тамактануу маданиятыбызга карабастан, жалпы максаттын жана жалпы жоопкерчиликтин айланасында биригип жатканыбызды эске салат» деп белгиледи.
ФАОнун төрайымы Мэри Кенни жана ДССУнун төрагасы Питер Хойсков азык-түлүккө расмий көзөмөл жүргүзүү системаларын чыңдоо, Кодекстин стандарттарын колдонуу жана тамактануу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти.
Сессиянын төрайымы Анне Бойтлинг Кодекс Алиментариус комиссиясынын ишинде өлкөлөрдүн пикирлеринин жана илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларынын маанилүүлүгүн белгиледи.