Главная / КМШ сыйлыгынын 2025-жылдагы сапат жаатындагы жетишкендиктери үчүн дипломдук лауреаты «Дан Агро Продукты» ЖЧК

КМШ сыйлыгынын 2025-жылдагы сапат жаатындагы жетишкендиктери үчүн дипломдук лауреаты «Дан Агро Продукты» ЖЧК

КМШ сыйлыгынын 2025-жылдагы сапат жаатындагы жетишкендиктери үчүн дипломдук лауреаты «Дан Агро Продукты» ЖЧК


21 сентября, 2026

Кыргыз Республикасынан 2025-жылдагы Шериктештик сыйлыгына продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты боюнча талапкерлигин койгондордун арасынан "Дан Агро Продукты" ЖЧКсы көрсөтүлгөн.

КМШ Экономикалык кеңешинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги чечими менен "Дан Агро Продукты" ЖЧКсына 2025-жылдагы КМШ сыйлыгынын "250 адамга чейинки жумушчулары бар азык-түлүк жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү" номинациясында дипломант наамы ыйгарылган. Сыйлоо аземи 2026-жылдын 8-10-июль күндөрү Кыргыз Республикасында өткөн Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (МГС) 69-жыйынынын алкагында өттү.

КМШ деңгээлиндеги сыйлыкты алуу - бул ишкананын продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктерин таануу болуп саналат жана кыргызстандык өндүрүүчүлөрдү Шериктештик аймагында жайылтууга өбөлгө түзөт.