Главная / Кыргызстандарт жана ФАО Кыргыз Республикасында биокоопсуздук жаатындагы потенциалды чыңдоодо

Кыргызстандарт жана ФАО Кыргыз Республикасында биокоопсуздук жаатындагы потенциалды чыңдоодо

Нарын, Талас жана Ош шаарларында биокоопсуздук жаатындагы маалыматтык семинарларды өткөрүү. Иш-чаралар катышуучулардын билимин жана кесиптик компетенцияларын жогорулатууга, институционалдык потенциалды чыңдоого жана Биокоопсуздук боюнча Картахена протоколунун алкагында маалымат алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.


14 октября, 2026

ПРЕСС-РЕЛИЗ

Кыргызстандарт жана ФАО Кыргыз Республикасында биокоопсуздук жаатындагы потенциалды чыңдоодо

 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (мындан ары — Кыргызстандарт) менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Биокоопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык биокоопсуздук жаатындагы техникалык потенциалды жогорулатуу жана техникалык колдонмолорду иштеп чыгуу боюнча макулдашууну ишке ашыруунун алкагында бир катар маалыматтык семинарлар өткөрүлдү.

Иш-чаралар 2026-жылдын 17–20-сентябрында Нарын шаарында, 27–30-сентябрында Талас шаарында жана 4–7-октябрында Ош шаарында өткөрүлдү. Семинарларга мамлекеттик кызматкерлер, фермерлер, айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр жана башка кызыкдар тараптар катышты.

Иш-чаралардын негизги темасы Биокоопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык гендердик теңчиликти жана социалдык интеграцияны эске алуу менен биокоопсуздуктун социалдык-экономикалык аспектилерин баалоо жаатындагы институционалдык потенциалды чыңдоо болду. Кыргызстандарттын эксперттери катышуучуларга ФАО долбоорун ишке ашыруунун актуалдуу маселелери боюнча маалымат беришти, ошондой эле бул багытта кызыкдар тараптардын маалымдуулугун жогорулатуу жолдорун талкуулашты.

Мындан тышкары, семинардын катышуучуларына генетикалык материалы өзгөртүлгөн тирүү организмдер жөнүндө маалымат алмашуу, ошондой эле Биокоопсуздук боюнча Картахена протоколун ишке ашырууга көмөктөшүүчү маалыматтык платформа — Биокоопсуздук боюнча маалымат алмашуу механизминин (Biosafety Clearing-House) ролу тууралуу маалымат берилди. Аталган платформанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө, тиешелүү маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуудагы жана эл аралык маалымат алмашууну өнүктүрүүдөгү маанисине бурулду.

Өткөрүлгөн семинарлардын максаты — катышуучулардын билимин жана кесиптик компетенцияларын жогорулатуу, институционалдык потенциалды чыңдоо жана биокоопсуздук маселелери боюнча тажрыйба алмашууга көмөктөшүү.

Долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, айыл чарба тармагынын өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык биокоопсуздук жаатындагы улуттук потенциалды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Кыргызстандарт кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну чыңдоо боюнча иштерди улантып, улуттук сапат инфраструктурасын өркүндөтүүгө жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга салым кошууда.