Главная / Сапат тармагындагы жетишкендиктери үчүн КМШнын 2025-жылдагы сыйлыгынын лауреаттары жана дипломанттары белгилүү болду
Сапат тармагындагы жетишкендиктери үчүн КМШнын 2025-жылдагы сыйлыгынын лауреаттары жана дипломанттары белгилүү болду
2026-жылдын 3-апрелинде Москва шаарында КМШнын Экономикалык кеңешинин 109-жыйыны болуп өттү, кеңештин алкагында КМШга мүчө-мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгынын кеңири суроолору каралды. Бул жыйындын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин сыйлыгынын, сынактын калыстар тобу өндурүш жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШнын 2025-жылдагы сыйлыгын ыйгаруу чечимин жарыялады.
КМШнын 2025-жылдагы сыйлыгын алуу үчүн сынакка Беларусь Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Кыргыз Республикасынан, Россия Федерациясынан, Тажикстан Республикасынан жана Өзбекстан Республикасынан 27 ишкана катышты.
Өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин сыйлыгына сынак өндүрүш жана кызматтардын натыйжалуу өндүрүшүн түзгөн, бизнесте мыкты жетишкендиктерге жетишкен жана керектөөчүлөрдүн таануусуна ээ болгон уюмдарды аныктоого мүмкүндүк берет.
Кабыл алынган чечимге ылайык, сынактын Дипломант наамы Кыргыз Республикасынын «Дан Агро Продукты» жоопкерчилиги чектелген коомуна ыйгарылды.