Главная / Кыргызстандарт эл аралык ISO стандарттары аркылуу коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүдө
Кыргызстандарт эл аралык ISO стандарттары аркылуу коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүдө
ISO 37001:2016 Коррупцияга каршы күрөшүү системалары. Талаптар жана колдонуу боюнча колдонмо (ISO 37001:2016, IDT) — бул коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга, аныктоого жана азайтууга, уюмдардын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана өнөктөштөр, мамлекеттик органдар жана коомчулук тарабынан ишенимди бекемдөөгө багытталган эл аралык стандарт. ISO 37001ти киргизүү коррупцияга жана паракорчулукка жол бербөөгө, уюмдун ишкердик беделин бекемдөөгө, кызыкдар тараптардын ишенимин жогорулатууга, финансылык жана репутациялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле дүйнөлүк практикада таанылган натыйжалуу антикоррупциялык курал болуп саналат.
ISO 37001 талаптарына ылайык коррупцияга каршы туруу системасын киргизген уюм, чынчылдык, ачык-айкындуулук жана жоопкерчиликтүү иш жүргүзүү принциптерине берилгендигин тастыктайт, бул анын ишкердик беделин жана ишенимдүү өнөктөш катары статусун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
2025-жылдын 14-17-апрелинде Кыргызстандарттын адистери CERT Academy (CERT International Training Company) эл аралык компаниясы тарабынан уюштурулган «ISO 37001:2016 стандарты боюнча коррупцияга каршы туруу системасынын менеджери/ички аудитору» темасындагы окуу курсуна катышышты. Окуунун жыйынтыгында адистер жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өтүп, эл аралык сертификаттарга ээ болушту.
Окуунун жүрүшүндө адистер стандарттын талаптарын, аны киргизүү ыкмаларын, коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана ички контролду уюштуруу боюнча ыкмаларды изилдешти.
Алынган билимдер Кыргызстандарттын адистерине мамлекеттик органдарга, ишканаларга жана уюмдарга ISO 37001 талаптарын киргизүү боюнча кеңеш берүүгө, чынчылдык, ачык-айкындуулук жана натыйжалуу башкаруу маданиятын өнүктүрүүгө жардам берүүгө мүмкүндүк берет.